"Көп окуп, көп издендим" дейт жалпы республикалык тестирлөөдөн 224 балл алган Толкун Жеткинбекова.
Ал Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылындагы Ой-Терскен орто мектебинин бүтүрүүчүсү экенин, президенттин колунан "Алтын сертификат" алуу үчүн Бишкекке келгенин айтты.
"Мен окууну ийгиликтүү аяктап, жогорку балл жаратуу үчүн көп окуп, көп тырыштым. Мен кичинекей кезимен балдар дарыгери болууну каалайм жана ошол багыттагы окуу жайга тапшырам. Мен чет өлкөдө окуп, билимимди жогорулаткым келет. Бирок биринчи жылымды өз өлкөмдөгү окуу жайда окуйм", - деди Жеткинбекова.
Билим берүү жана илим министрлигинин тизмесине ылайык, эң жогорку баллдын ээси - Бишкектеги №70-мектеп-гимназиясынын окуучусу. Ал 237 балл менен сап башына чыккан. Андан кийинки катарда 232 балл менен Бишкектеги физика-математикалык багыттагы №61-мектептин окуучусу, 3-орунда ушул эле билим берүү мекемесинин окуучусу 231 балл менен жайгашкан.
Аймак боюнча эсептегенде:
1. Бишкек шаары - 43 окуучу;
2. Ош облусу - 4 окуучу;
3. Ысык-Көл облусу - 3 окуучу;
3. Нарын облусу - 3 окуучу;
4. Талас облусу - 2 окуучу;
5. Баткен облусу - 1 окуучу;
5. Жалал-Абад облусу - 1 окуучу;
5. Чүй облусу - 1 окуучу;
Дагы бир окуучу мектебинин дарегин туура эмес көрсөткөн.
Жалпысынан 45 миң 607 окуучу тест тапшырган, анын ичинен 29 миң 49 окуучу кыргыз тилинде, 16 миң 558 бүтүрүүчү орус тилинде тапшырган.
Окуучулардын алган орточо баллы бул жылы 119,4 болду, өткөн жылы бул көрсөткүч 117,8 болчу. 110 болгон босого баллдан өткөн окуучулардын саны 26 миң 180ди түзүп, алар өлкөдөгү окуу жайларга тапшыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Жалпысынан алып караганда, тест тапшыргандардын 57 пайызы босого баллдан өткөн. Өлкө боюнча 119 тест борборлору иштеп, жыйынтыктарды эсептеп чыккан.