Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева барган жеринде күзөтчүлөрү кошо барганы боюнча жооп берди.
"Менин душмандарым деле жок, бирөө жанымды кыйып кетет дегенден алысмын. Кудай маңдайыбызга эмнени жазса ошол нерсе болот. Бирөөгө зыян келтирген ишке барган эмесмин. Ошондуктан коркпойм. Мен иш сапар менен бир жакка барам. Тартип ошондой экен, күзөтчүлөр өздөрүнүн жумушун аткарып, мен барган жерге барат. Менин жанымда тургула деп деле айтпайм. Мыйзам чыгып, күзөтчүнүн кереги жок десе, эки колум менен колдойм", - деди Токбаева.