Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева трайбалист эмес экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 3-июлда маалымат жыйында билдирди.
"Мени кээ бир маалымат каражаттары трайбалист деп жазышыптыр. Мен өзүм Токтогулда төрөлгөм. Түндүк-түштүк деп адамдарды бөлбөйм. Ташкентте, Бишкекте окугам. Ош облусунда иштегем. Элди аймактарга бөлбөйм. Адистерди тандаганда бир гана кесипкөйлөрдү тандайбыз. Кайсы аймактан экенине карабайбыз. Өзүнүн ишин так аткаргандарды жумушка алабыз", - деди Токбаева.