Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева декларацияда эч нерсени жашырбаганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 3-июлда маалымат жыйында билдирди.
"Мен эч нерсени жашырбайм. Малым бар экенин көрсөткөм. Токтогулда 7 жарым сотых жерим бар. Ал жерге үй куруу боюнча пландарым бар. Токтогулдан 1983-жылы кеткем. Жаш өткөн сайын сагынат экенсин, туугандарың менен көрүшкүң келет. Ошондуктан жериме чакан үй салсам жакшы болот эле деп кыялданам. Декларацияда канча айлык алганым жөнүндө көрсөтүлгөн. Анча-мынча күнүмдүк тиричиликтен арткан акчаны топтоп жатам", - деди Токбаева.