Жогорку Соттун төрайымы райондор аралык сотторду жоюу боюнча пикирин айтты

Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева райондор аралык сотторду жоюу боюнча пикирин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 3-июлда маалымат жыйында билдирди.

"Райондор аралык соттордо кесипкөй судьялар иштейт. Аны жоюу боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Алардын пикирин күтөбүз. Эгерде жоюлуш керек деген чечим кабыл алынса, соттордун күчтүү жана алсыз жактары каралат. Кылдат чечим кабыл алынат", - деди Токбаева.

Эске салсак, июнь айында райондор аралык сотту жоюп, анын функцияларын райондук сотторго өткөрүп берүү механизмдерин караган мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча эки эксперттик жумушчу топ түзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан