Төрөт үйүнүн короосунда көз жарган келиндин жана баласынын абалы жакшы. Бул тууралуу SUPER.KG портылына Саламаттыкты сактоо министрлигинен Раиса Асылбашева билдирди.
"Азыркы тапта эненин жана баланын абалы жакшы. Келин уул төрөдү. Көз жарган келин төрөтү жакындап калган учурда жаңы конуштардын биринен келгени белгилүү болду. Кош бойлуу аял так кайсы убакытта көз жарарын эч ким билбейт. Дарыгерлер да убакытты болжол менен гана айтышат.Үйүнөн же төрөт үйүнө келе жатып унаадан көз жарган учурлар көп эле кездешет. Бул окуяда дагы келин суусу кетип көз жара баштаганда келгендиктен төрөткананын имаратына киргенге жетишпей калган", - дейт Асылбашева.
Айта кетсек, 3-июлда төрөт үйүнүн короосунда көз жарган келин тууралуу маалымат тараган.