СУПЕРСТАН: Жаным, резюмемди ата-энеңе салып жибердим, мендей күйөө баланы кабыл алышар бекен?

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Жаңы сүйүү сөздөрү" деген тема талкууга алынган.
Автор: "Албетте, ар кимибиздин башыбыздан сүйүү өткөн, балким, азыр өтүп жаткандыр, ким билет. Не болсо дагы баарыңыздарды ушул темага чакырам. Жылуу сөздөрүңүз, ырларыңыз менен бөлүшүп кетерсиздер. Теманы ачкандыгым үчүн биринчи өзүм баштайын.

"Менин сүйүүм - менин бактым", кандай гана керемет жана жагымдуу сөздөр, ар күнү ушул сөздөрдү угуп турсаң, сенден бактылуу адам жок деп эсептейм. Көзүңдөгү жаштарың тамчылап турганын көрүп жүрөгүм ооруп кетет. Балким, чын сүйүү ушул же бул эмес. Сөз байлыгым аз, бирок сага болгон чын жүрөктөн арнаган сөздөрүм көп. Акын болбосом дагы сүйүүмдү көрсөтүп, кооздоп айтып бергенге күчүм жетет. Сүйүү... эх, кандай гана керемет, карыны жашартып, жаштарды бактылуу кыла алган сезим. Кучактап алып жүзүңдөн аяр өөп, коё бергим келбейт. Кыялымда сени менен кол кармашып алып, ээрчишкен эгиз козудай жүргүм келет. Сени менен отурганда ар бир мүнөт, секунд мен үчүн эң кымбат, күлүмсүрөп карап турганың, жылуу мамилең кандай гана бакыт тартуулайт. "Сүйөм сени" деп айта албасам дагы, кылган мамилем менен көрсөткүм келет. Ким билет мунун баарын, сен билеттирсиң. Назданып жаныңдан чыккым келбейт, махабатым бир гана сен үчүн деп кайталагандан тажабайм, сүйөм, сени сүйөмүн", - деген билдирүүсүн калтырган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

- "Өмүр - гүл, сүйүү - гүлдөн чыккан бал. Балды татууга болот, ал эми ага чөмүлүүгө болбойт!"

- "Жаным, 3х4 сүрөтүм менен кошо резюмемди ата-энеңе салып жибердим, мендей күйөө баланы кабыл алышар бекен?"

- "Эгер сен менин көз жашым болсоң, сени жоготуп албаш үчүн эч качан ыйлабайт элем..."

- "Күндү жакшы көрөм деп, көлөкөгө качасың...
Жамгырды жакшы көрөм деп, кол чатырың ачасың...
Корком, жаным, мага да "жакшы көрөм" деп айтасың..."

- "Жүзүңө келип түшкөн кар эрип эриндериңе жеткенде, бир тамчыдан сезген ырахатты мени менен бөлүшөм десең, шамал болгон тарапты кара, мен өзүңө шамал болуп келем".

- "Ар бир адам ушул дүйнөгө келген соң өзү байкап да, байкабай да түгөйүн издей берет экен. Чыныгы түгөйүн тапкандар аз болушат экен. Ардагым, ушул жашоодон сени жолуктуруп калганыма чексиз кубанычтамын, ыраазымын. Менин чыныгы түгөйүм экендигиңди мага сездиргениңе, мени өзүңө баш ийдирип, сыйлата алганына, баарына, баарына ыраазымын".

- "Сени жөн гана карап тура алам, бирок жаныңа жакын барууга батына албайм..."

- "Ушундай сөздөрдү сүйгөн жарымыңарга көп-көп айтканды унутпагыла".

- "Дүйнөнүн үч бурчунда үч тамчы көзүмдөн аккан жаш калды. Биринчиси - сени көргөн жерде. Экинчиси - сени биринчи жолу өпкөн жерде. Үчүнчүсүн айтууга тилим барбай турат... Ошентсе да, айтайын... Мени "кет" деген жерде..."

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка баш багыңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан