"Бул иш мага "Асылбек Жээнбеков депутаттык мандатын тапшырсын" деген сөздү айтканымдан кийин башталган", - деп SUPER.KG порталына Мээрбек Мискенбаев өзүнө козголгон кылмыш иши тууралуу комментарий берди.
"Мен ал сөздү айтканымдан кийин мага коркутуу-үркүтүү болду. "Айкөл Ала-Тоо" уюмун да, "Мегакомдогу" кызматымды да таштагам. Кылмыш ишин козгоодон мурда мени чакырып сурап коюшпайбы. "Апрель окуясынын катышуучуларын социалдык колдоо үчүн 2,1 миллион сом уурдады" деген маалымат жалган, ал жок акча, өзүбүз таппай жатабыз, аны тергөөчүлөр да таппай жатышат.
Биз, "Айкөл Ала-Тоо" Жээнбековдордун атынан сүйлөп, Алмазбек Атамбаевди сатышыбыз керек экен. Мен сатып кеткен адам эмесмин. Макул, Атамбаев жаман адам болсун, бирок мен сатпайм. Мага болуп жаткан иш - саясий куугунтуктун туу чокусу", - деди Мискенбаев.
SUPER.KG порталы Мээрбек Мискенбаевдин комментарийи боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековдун пикирин угууга даяр. Учурда аны менен байланышуу аракети көрүлүүдө.
Айта кетсек, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы "Айкөл Ала-Тоо" жана "Апрель баатырлары" коомдук бирикмелеринин жетекчилерине карата Кылмыш-жаза кодексинин "алдамчылык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогонун "Азаттык" жазып чыкты.
Маалыматка караганда, алар Апрель окуясынын катышуучуларын социалдык колдоо үчүн 2,1 миллиондон ашык сомго бааланган көмүрдү өөнөгөн деп айыпталууда. "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесин 2010-жылы 7-апрелде борбордук аянтта жарадар болгон жарандар түзгөн.