Жогорку Кеңештин экс-депутаты Асия Сасыкбаева 3 судьяга кылмыш иши козголгону боюнча: "Сотторго дагы чара көрсө болот деген билдирүү болду"

Жогорку Соттун 3 судьясына көзү азиз акынды мыйзамсыз кармоо боюнча кылмыш иши козголду.SUPER.KG порталынын "Бул окуянын артында эмне турат деп ойлойсуз?" деген соболуна Жогорку Кеңештин экс-депутаты Асия Сасыкбаева жооп берди.

Анын айтымында, канча жылдан бери соттор өз билемдик кылып, мыйзамды тоготпой, коомго жаман таасир этип жүрөт. "Элдин сотторго болгон ишеничи кеткен. Канча деген саясий куугунтуктар болуп жатат. Ошонун баары соттордун, прокурорлордун, күч түзүмдөрдүн колу менен болууда. Акын Ормуковду камаганда эл аябай таң калган. Күчтүү саясатчылар, оппонеттер камалса бир жөн. Алар бийликтегилерге жемкорлукка жол бербеши үчүн көптөрдү сындайт, бийликке умтулат. Ормуков болсо акын. Акынды кыргыз эли эч качан куугунтукка алчу эмес. "Баш кесмей бар, тил кесмей жок" деген сөз бар. Эч нерсеге карабай акынды камап койгону соттордун мыйзамды тоготпой калганын түшүндүрөт. Сотторго кылмыш ишинин козголушу жакшы көрүнүш. Силерге дагы чара көрсө болот деген билдирүү болду.

Бирок бул окуянын экинчи жагы бар. Соттор Ормуковду камаганда прокуратуранын маалыматы менен камады. Прокуратура өзүбүз билебиз кимдердин ишин кайра караш керектигин дегендей мамиле жасап жатат. Прокурорлор ошол эле учурда аттын кашкасындай таанымал Өмүрбек Текебаевдин күнөөсү жок экени көрүнүп турса дагы эч кандай чара көргөн жок. Бир чети тандалма мамиле болгондой, Ормуковду мыйзамсыз камаган деп элди тынчытып коюу ыкмасын колдонушту деген ойго келесиң", - деди Сасыкбаева.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, юридикалык илимдердин доктору Кайрат Осмоналиев, юрист Канат Хасановдун пикири төмөнкү шилтемеде.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан