Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова 3 судьяга кылмыш иши козголгону боюнча: "Мурда мындай фактыларга көз жумуп келишкен"

Жогорку Соттун 3 судьясына көзү азиз акынды мыйзамсыз кармоо боюнча кылмыш иши козголду. SUPER.KG порталынын "Бул окуянын артында эмне турат деп ойлойсуз?" деген соболуна Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова жооп берди.

Ал билдиргендей, көзөмөл катары текшерүү иши Башкы прокуратуранын милдети. “Башкы прокуратура камактагы адам мыйзамдын негизинде камалганы боюнча мезгил-мезгили менен текшерип турат. Бул текшерүүдөн чыккан факт боюнча, үч судьяга, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлерине кылмыш иши козголуп жатат. Бул жерде эч кандай саясат жок. Мурун деле текшерүүлөр болгон, бирок мындай фактыларга көз жумуп келишкен. Бүгүн ачыкка чыгарып иш козгоп жатканы колдой турган жакшы көрүнүш. Эркиндик ар бир адам үчүн баалуу нерсе. Эч ким бир күн, бир саат дагы мыйзамсыз камакка алынбашы керек. Ормуков болсо мыйзамсыз 14 күн камакта отурган. Анын Конституциялык укуктары бузулган”, - дейт Сооронкулова.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева, мурдагы депутат Асия Сасыкбаева, юридикалык илимдердин доктору Кайрат Осмоналиев, юрист Канат Хасановдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан