Москвада жашап жана иштеп жаткан мекендештер 1-июль күнү Москвадагы кафелердин биринде түлөө өткөрүштү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына демилгечилердин бири Улан Кошматов билдирди.
"Бул жакта эмгектенип жүргөн мекендештердин башын бириктирип, түлөө өткөрүүнү демилгелеп чыккан элек. 1-июлда мекенчил жаштарыбыздын уюштуруусу менен көтөргөн демилгебиз ишке ашты. Кыргыз элибизде, жерибизде тынчтык болсун, мекенден алыста жүргөн боордошторубуз бөөдө кырсыктан, жалган жалаадан, кайгы-кападан алыс болуп, туулган жерибизге амандыкта жетели деп, алакан жайып тилек кылдык. Кан чыгарып, көзү өткөндөрдүн арбагына багыштап куран окудук. Аксакалдарыбыздын башына калпак кийгизип, апаларыбызга жоолук салып, алардын ак батасын алдык. Түлөө жалпы келген коноктордун колдоосу менен өттү", - деди Кошматов.