Жогорку Соттун 3 судьясына көзү азиз акынды мыйзамсыз кармоо боюнча кылмыш иши козголду.SUPER.KG порталынын "Бул окуянын артында эмне турат деп ойлойсуз?" деген соболуна юридикалык илимдердин доктору Кайрат Осмоналиев өз оюн айтты.
Осмоналиев президентте азыркы учурда саясий эрк бар деп эсептейт.
“Мен судьяларга кылмыш иши козгогонуна прокуратуранын ишин жогорку деңгээлде бааладым. Мен бул ишти сыртынан билем, Ормуковду камакка алуу такыр туура эмес болгон. Себеби ал көзү азиз, болгону Атамбаевди сындап ыр жазган экен. Бул деген сөз эркиндигине болгон туура эмес мамиле, Ормуковго болгон куугунтук болуп жатпайбы. Сотторго иш туптуура козголду.
Азыркы учурда президентте саясий эрк бар, ошонун таасири тийүүдө. Жогорку Соттор аябай көөп кеткен, бул кылмыш ишинин козголушу башкаларга үлгү болот. Муну соттук системдин тазалануусунун башталышы, өзгөрүүлөрдүн белгиси деп кабылдасак болот”, - деди Осмоналиев.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева, мурдагы депутат Асия Сасыкбаева, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, юрист Канат Хасановдун пикири төмөнкү шилтемеде.