Акинфеевдин жеңиш алып келген топ тосуусу 100 рубль номиналындагы банкнотко түшүрүлгөн

Орусияда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунун алкагында 1-июль күнү Москвадагы "Лужники" стадионунда Испания-Орусия беттеши орун алган. Аталган беттеште Орусия улуттук курама командасы жогорку деңгээлдеги оюн көрсөтүп пенальтилердин жыйынтыгында жеңишке жеткен.

Бул оюнда өзүнүн чеберчилигин көрсөтүп курама командага жеңиш алып келген дарбазачы Игорь Акинфеев болгон. Ал испаниялык Яго Аспас узаткан соккуну сол буту менен талаа сыртына чыгарып Орусияга жеңиш алып келген.

Көпчүлүк интернет колдонуучулар Акинфеевдин топту тоскону Дүйнө чемпиондугу башталганга чейин жарык көргөн 100 рубль номиналындагы банкнотко түшүрүлгөнүн жазып чыгышты. Акчага түшүрүлгөн сүрөткө келсек, анда оюнчу топту сол буту менен тоскону түшүрүлгөндүгүн байкоого болот. Айрым интернет колдонуучулардын айтымында акчага түшүрүлгөн бул сүрөт Орусия улуттук курама командасынын беттештеги тагдырын алдын ала чечип койгондой.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
FCB14
2018-07-03 20:22:00
Молодец
+3
Adi.Avazbekov
2018-07-03 20:54:02
Okshosh eken
0
Floweriza
2018-07-03 21:48:38
Мафия бар экен да
-5
bahabaike
2018-07-03 21:51:49
Софпадения
+5
Tolkun555
2018-07-03 22:45:34
Окшош
0
Elaigun1991
2018-07-03 22:52:20
Окшойт экен , бирок алдын ала чечилбесе керекко ,
+2
Boika1986
2018-07-03 23:02:15
Кайдагы жомокту айтпагылачы.Ал варатар СССР дин вараты Яшка деп канча какшап жатты чыгаргандан баштап.
+2
Aidarov1988
2018-07-03 23:46:52
Окшоштук
0
Simels
2018-07-04 00:02:45
Молодец Игорь Акинфеев сендей кыйын вратарь жок Де Хеаны мактап жатышты эле ким кыйын экенин далилдедин эркексин.
+3
Aikaaaa
2018-07-04 00:37:22
Дал келүү
+2
surgeon777
2018-07-04 01:47:39
Албетте биз да кубанычтабыз,бирок таякелер шашылып кетишпедиби
0
saltanat.
2018-07-04 14:33:51
Акинфеев красавчик
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан