Кайгуул күзөт кызматынын түзүлгөнүнө 39 жыл толду. Аталган мекемеде мырзалардан кем калбай айымдар да кызмат өтөшөт

Бүгүн, 3-июлда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Кайгуул күзөт кызматынын түзүлгөн күнүнүн 39 жылдыгы белгиленди. Иш-чарага ИИМдин орун басары, милициянын ардагерлери жана шаар тургундары катышты.

Аталаган полк 1979-жылы Фрунзе шаарында милиция кайгуул-күзөт батальону болуп түзүлгөн.

Полк түзүлгөн күндөн бери Бишкек шаарынын тынчтыгын жана шаар тургундарынын коопсуздугун камсыз кылып, көчөдөгү, коомдук жайлардагы тартип бузуулардын алдын алып келет.

Милициянын ага сержанты Адилет Абыкеев Бишкек ШИИББине караштуу кайгуул-күзөт полкунун 5-ротасында 4 жылдан бери кызмат өтөйт. Ал өзүнүн аткарган кызматы тууралуу буларды айтып өттү.

"Биздин кызмат эртең мененки саат 07:40та курал алуу менен башталат. Андан соң эртең мененки тактоого тизилип, командирлер тарабынан курал-жарагыбыз жана кызматка даярдыгыбыз текшерилет. Кызматка даяр экенибиз аныкталган соң күзөт орундарыбызга кетүүгө буйрук берилет. Саат 08:00дө өзүбүзгө бөлүнгөн аймакты өткөрүп алабыз да, 16:00гө чейин ошол аймакты карап кызмат өтөйбүз. Кызмат учурунда кандайдыр бир окуя катталып, коомдук тартипти бузгандардын саны көп болуп, ага күзөтчүлөрдүн күчү жетпей баратса нөөмөт бөлүмүнө кабарлап, байланыш каражаттары аркылуу жакынкы аймактагы күзөтчүлөрдү жардамга чакырабыз. Кээде майрамдар жана саясий иш-чаралар болуп калганда иш күнүбүз узарып кетет. Үй-бүлөм жумушумдун күн тартибине көнүп калды, алар мага колдоо көрсөтүп турат", - деди Абыкеев.

Кайгуул күзөт кызматында мырзалар сыяктуу эле коомдук тартипти көзөмөл кылып эмгектенген 20дан ашуун айым кызматкерлер да бар. Алардын бири Таңсулуу Чилдебаева бул кызматка өз ыктыяры менен келгенин айтты. Бирок аткарган кызматы оор экенин жашырган жок.Таңсулуу Чилдебаева

"Менин бул кызматка келгениме 5 ай болду. Үй-бүлөм "кыздарга бул кызмат оор” деп каршы болушту, бирок мен кичинемден бери милиция кызматкери болууну кыялданганым үчүн тоскоолдуктарды жеңип өттүм. Башында бир аз кыйналдым, элдер таң калуу менен карашса уялып өзүмдү ыңгайсыз сезчүмүн. Ал тургай айрымдар “эмнеге көчөдө жүрөсүз, башка жумуш жокпу?" деп да айткан учурлар болгон. Өзүм тандаган жумушка келгеним үчүн баарына көндүм", - деди Чилдебаева.

Бишкек шаарынын борбордук аянтында жана шаардын башка аймактарында өткөрүлгөн иш-чараларды өткөрүүдө, өлкөгө келген конокторду тосууда аталган полктун аткарган кызматы чоң. Азыркы учурда милициянын кайгуул-күзөт полкунда 500 адам кызмат өтөйт.

Бишкек ШИИББинин маалыматына караганда ушул жылдын башынан бери полктун өздүк курамы тарабынан 657 кылмыштын бети ачылган. Ал эми башка кызматтар менен биргеликте ачылган 397 кылмыштын бетин ачууга көмөктөшкөн. Шаардагы райондук милиция бөүмдөрүнө 6 миң 233 административдик тартип бузган жарандар жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
1Adilet1
2018-07-03 21:49:59
Өзүнө чак кийим тигип бербейби
+1
tttalant
2018-07-04 09:20:00
Иншаллах.....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан