Мамлекеттик башкаруу академиясы Мамлекеттик кадр кызматынын карамагына өттү. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, президент Сооронбай Жээнбеков "Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы жөнүндө" жарлыкка кол койду.
Жарлыкка ылайык, Мамлекеттик кадр кызматы Мамлекеттик башкаруу академиясы менен бирдикте он беш жумушчу күндүн ичинде президенттик аппараттын кароосуна ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун киргизет.
Бириктирүүнүн натыйжасында Мамлекеттик башкаруу академиясы мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылардын дараметин жогорулатуу планын бирдиктүү аткаруучу болуп калат. Интеграция учурунда жаңы маалымат технологияларын пайдалануу менен кызматчыларды окутуу системин мындан ары карай өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.