Жогорку окуу жайларда гранттык негизде окутулуучу адистиктердин тизмеси жана окууга кабыл алуу көлөмү бекитилди

2018-2019-окуу жылына жогорку окуу жайларда гранттык негизде окутулуучу адистиктердин тизмеси жана окууга кабыл алуу көлөмү бекитилди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тийиштүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. 5705 мамлекеттик билим берүү гранты берилген, анын ичинен 4903 орун Билим берүү жана илим министрлигине караштуу жогорку окуу жайларына бөлүштүрүлгөн. Калган гранттык орундар башка мамлекеттик органдар аркылуу кадрларга карата муктаждыктарды жана бүтүрүүчүлөрдү эмгекке орноштурууну талдоо аркылуу каржыланат.

"Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына ылайык, учурда өнөр жай, курулуш, айыл чарба, транспорт жана байланыш, тейлөө, саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагы кадрларга өтө муктаж болууда. Ошондуктан гранттык орундарды бөлүштүрүүдө өнөр жай (тоо-кен, мунайды кайра иштетүү тармагы, жеңил, тамак-аш өнөр жайы, курама өндүрүш), айыл чарба, энергетика, туризм сыяктуу атамекендик экономиканын артыкчылыктуу тармактары үчүн адистерди даярдоо зарылдыгы эске алынды. Мындан тышкары, "Таза Коом" жалпы улуттук санариптик трансформациялоо программасын ишке ашырууга байланыштуу компьютердик технология жаатындагы адистиктер үчүн гранттык орундардын санын жогорулатуу каралган", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан