Биз социалдык тармакта

Ош шаарында балдарды уурдоо фактысы катталган жок

Ош шаарында балдарды уурдоо фактысы катталган жок. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

"Ош шаарынын аймагында бүгүнкү күнгѳ карата дайынсыз жоголуп кеткен бир дагы бала жок. Убактылуу адашып же үйдөн чыгып кеткен балдардын баары ата-энелерине кайтарылган. Айрым социалдык түйүндѳрдѳ, ѳзгѳчѳ WhatsApp аркылуу жарандарыбызга келип жаткан "жаш балдардын жоголуп жаткандыгы" тууралуу эскертүүлѳр чындыкка дал келбейт. Мындай жалган маалыматтарды айрым адамдар жашыруун ысым менен социалдык түйүндѳр аркылуу таратышып, калк арасында дүрбѳлѳң салууга аракет жасашып жатышат. Биз сиздерди мындай маалыматтарга кѳңүл бурбоого чакырабыз", - деди маалымат катчы.

Ушул сыяктуу маалыматтарды Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ишеним телефондорунан тактап алсаңыздар болот. Ишеним телефон номери.: 03222 2-10-06.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
kechirmeni
2018-07-04 09:38:27
ошондой эле болсунчу аябай эле дурболон кылып атышат го
+12
jany-aryk
2018-07-04 10:13:29
Оо аллах озун сакта не деген заманда жашап калдык тынч эле балсун балдарыбыз аман коркуп эле калдык го жалган эле болсунчу маалыматтат
+6
Dembele84
2018-07-04 10:20:08
Ошо вотсапка аудио кылып жалган маалымат тараткан аялдарды тапкыла,жооп беришсин,жон жатып алып кайдагы создорду суйлоп элди дурболонго салгандарды.
+15
munar1980
2018-07-04 10:34:59
Мумкунчулук барбы ошол жалган маалымат таркаткан ХХХХХХХХ таап жазалаганга.
0
portugalia
2018-07-04 10:41:12
Рахмат маалыматыңарга.Каяктагы шумдуктуу,бекерчи аялдар таратып жатышат да.
+2
Missing-u
2018-07-04 11:44:26
Байкап корсонор ошол голостогу аял постоянно ардекени суйлоп жонотот аны уккандан кийин телефон катыйт жон эле вирус дагы болушу мумкун
-2
almanbetperm
2018-07-04 12:17:41
Missing-u,ватсаптан вирус тарайт экенби аааа, биринчи угушум
+3
dobrajelatel
2018-07-04 12:09:51
Мындай шумдук маалмат психологиялык трамва алып келет. Ким суйлоп таратса жалган маалмат таратып, моралдык жактан элди жабырканканы учун жоопко тартыш керек.
+3
jypara1415
2018-07-04 12:21:56
Кооптонуп , аудиодо айтылгандай элестетип , тынчсызданып жатканбыз . Жалган маалымат экени чын болсун .
+4
Bilal2014
2018-07-04 12:53:51
Биз ишенип жаман коркуп аттык эле.бирок сактыкка кордук жок
+3
nurik-jami
2018-07-04 18:30:10
Жалган эле болсунчу. Аны уккандан бери тынч отура албай калдык.
+1
aidinaernur
2018-07-04 23:20:45
Кудай сактасын
Менин балам уйго батпайт эле деп кабатырланып отургам
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан