Депутат Искендер Матраимов: "Оштун мэринин кетишин саясатташтыруунун кереги жок"

Ош шаарынын мэрлигинде 4 жыл отурган Айтмамат Кадырбаев кызматынан бошотулуп, Өнөр жай, энергетика жана кен казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары кызматына дайындалган. Коомчулукта бошогон орунга кимдер барары да айтылып, бир нече адамдын аттары атала баштады. Ошол себептен жаралган SUPER.KG порталынын "Оштун мэрлик креслосунун бошотулушу эмнени каңкуулайт?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов өз пикирин билдирди.

Матраимов Ош шаарынын мэринин кетишинде эч бир саясат жок деген пикирде.

“Мамлекеттик кызматкер болгондон кийин аны бул жакка дайындады, ал жаңы кызматына кетти. Бул жерде саясатташтыруунун кереги жок, болгону кызматтык которуу.

Жаңы келе турган мэр Ош шаарын өнүктүрөм десе, мэрлик кызматка келгенден кийин кызматын абийирдүүлүк менен аткарыш керек, кызматына чын жүрөктөн берилиши керек. Ош шаарын мындан ары да өнүктүрөбүз десек шаар үчүн, шаар тургундары үчүн күйгөн адам коюлуш керек”, - деди Матраимов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Абдывахап Нурбаев, Жанар Акаев, жарандык активисттер Сонунбек Жунусбаев, Акбалык Жумалиева, коомдук ишмер Шаирбек Маматокторовдун пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан