Депутат Жанар Акаев: "Өкмөттүн Оштун мэрин алмаштыруусу ротация максатында жасалууда"

Ош шаарынын мэрлигинде 4 жыл отурган Айтмамат Кадырбаев кызматынан бошотулуп, Өнөр жай, энергетика жана кен казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары кызматына дайындалган. Коомчулукта бошогон орунга кимдер барары да айтылып, бир нече адамдын аттары атала баштады. Ошол себептен жаралган SUPER.KG порталынын "Оштун мэрлик креслосунун бошотулушу эмнени каңкуулайт?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев жооп берди.

Акаев Оштун мэрин алмаштыруусун өкмөттүн жаңы план, жаңы идеялар менен иш алып бара жатканына байланыштырды.

"Менин оюмча, өкмөт муну ротация максатында кылды. Айтмамат Кадырбаевди Бишкекке алып келип, Ош мэрлигине жаңы жүздү коюп иштеткени жатса керек. Айтмамат Кадырбаев деле 3-4 жыл иштеди, эми жетекчини алмаштырып, жаңы план киргизип жатса керек же аймактарды өнүктүрүүдө башкача кадамдарды жасоону алдыга койгон болуш керек деп ойлойм.

Кадырбаев деле жаман иштеген жок, болгон мүмкүнчүлүгүн колунан келишинче пайдаланды, шаар үчүн көпүрө, бала бакчаларды курду. Мен бул жерде башка өңүттү көргөн жокмун. Азыр Ош мурдагыдай эмес, тынч, бир нукта бара жатат. Болгону бийлик алмашкандан кийин бул бийлик жаңы жетекчини дайындап иштешели дешсе керек", - деди Акаев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Искендер Матраимов, Абдывахап Нурбаев, жарандык активисттер Сонунбек Жунусбаев, Акбалык Жумалиева, коомдук ишмер Шаирбек Маматокторовдун пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан