Ош шаарынын мэрлигинде 4 жыл отурган Айтмамат Кадырбаев кызматынан бошотулуп, Өнөр жай, энергетика жана кен казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары кызматына дайындалган. Коомчулукта бошогон орунга кимдер барары да айтылып, бир нече адамдын аттары атала баштады. Ошол себептен жаралган SUPER.KG порталынын "Оштун мэрлик креслосунун бошотулушу эмнени каңкуулайт?" деген соболуна коомдук ишмер Шаирбек Маматокторовдун пикири.
Мамлекеттик кызматтагыларды 4-5 жыл аралыгында алмаштырып туруу керек.
"Ош шаарын 2014-жылдан бери Айтмамат Кадырбаев башкарып келди, 4 жыл иштеди. Учурда эми жаңы бийлик келди, жаңы өлкө башчысы келди. Негизи эле Ош шаарынын мэрлигин эмес, бардык эле кызматтагыларды 4-5 жылда ротация кылбаса, өтө эле тамырлашып кетет. 4 жылда адамдын даремети деле түгөнөт да, 4 жыл аралыгында колунан келгенин жасады жана аракет кылды. Бир адам болгон аракетин кылгандан кийин жаңы адам келсин, өз күчүн көрсөтүп көрсүн. Мэрлик эми чарбалык кызматтар, саясатка анчалык тиешеси жок", - деди Маматокторов.
Жогорку Кеңештин депутаттары Абдывахап Нурбаев, Искендер Матраимов, Жанар Акаев, жарандык активисттер Сонунбек Жунусбаев, Акбалык Жумалиеванын пикири бул шилтемеде.