Ош шаарынын мэрлигинде 4 жыл отурган Айтмамат Кадырбаев кызматынан бошотулуп, Өнөр жай, энергетика жана кен казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары кызматына дайындалган. Коомчулукта бошогон орунга кимдер барары да айтылып, бир нече адамдын аттары атала баштады. Ошол себептен жаралган SUPER.KG порталынын "Оштун мэрлик креслосунун бошотулушу эмнени каңкуулайт?" деген соболуна жарандык активист Сонунбек Жунусбаев жооп берди.
Ал мэрдин кызматтан кетиши көптөн бери айтылып жатканын билдирди.
“Ар бийлик өзүнүн ишенимдүү адамдарын кызматтарга алып келүүсү - табигый көрүнүш. Айтмамат Кадырбаев мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин ишенген адамдарынын бири болчу. Келечекте азыркы президент Сооронбай Жээнбеков өзүнүн саясатын, өзгөрүүлөрүн жасашы үчүн жаңы кадрларды бийликке алып келүүсү зарыл. Учурда бул кызматка бара тургандардын аты айтылып жатат. Анын катарында Жапарбек Ормоновдун аты көп айтылууда. Президенттик шайлоодо анын кылган кызматы башка талапкерлерге караганда көп болгон”, - деди Жунусбаев.
Жогорку Кеңештин депутаттары Абдывахап Нурбаев, Искендер Матраимов, Жанар Акаев, коомдук ишмер Шаирбек Маматокторов, Сонунбек Жунусбаев, Акбалык Жумалиеванын пикири бул шилтемеде.