Жарандык активист Акбалык Жумалиева: "Мэрдин кызматтан бошотулушу көптөн бери эле күтүлүп жаткан, бирок биз башка нерсени күткөнбүз"

Ош шаарынын мэрлигинде 4 жыл отурган Айтмамат Кадырбаев кызматынан бошотулуп, Өнөр жай, энергетика жана кен казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары кызматына дайындалган. Коомчулукта бошогон орунга кимдер барары да айтылып, бир нече адамдын аттары атала баштады. Ошол себептен жаралган SUPER.KG порталынын "Оштун мэрлик креслосунун бошотулушу эмнени каңкуулайт?" деген соболуна жарандык активист Акбалык Жумалиева жооп берди.

Ал Ош шаарынын мэрлик кызматынын бошотулушу көптөн бери эле күтүлүп жатканын айтты. "Бирок элдин, анын ичинде менин күткөнүм башка нерсе болчу. Себеби президенттин коррупцияга каршы күрөшүп жаткан иши боюнча борбордо эле чектелип калбастан, Ош тарапка дагы келет деп күткөнбүз. Ош шаарында сапатсыз жасалган нерселер бар. Мисалы, көпүрөнүн курулушу, унаа токтоотуучу жайлардан түшкөн каражат боюнча маселелер бар. Унаа токтоотуучу жайлардан түшкөн акча кайда жумшалып жатканы белгисиз. Ушуга окшогон нерселер изилденет деп күтүп жатканбыз. Андай болбой эле мэр башка кызматка көтөрүлдү.

Орун алмашуу болуп мэрликке келе турган башка талапкерлердин аты аталып жатат. Алар: Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов жана өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов. Баягы эле ботко кайрадан чалынып, мурунку эле нерселер болот экен. Аталган талапкерлердин дараметин көрүп жатабыз. Бирөөнүн диплому бар же жогу белгисиз, дагы бирөө кландык башкаруунун өкүлү. Негизи чоң шаар болуп эсептелген Бишкек менен Оштун эки мэрин эл түз шайласа жакшы болмок. Чоң шаардын жетекчиси ким болорун 20-30 адамдын чечип койгону туура эмес. Эл тарабынан шайланса, эл менен тыгыз байланышта болуп турмак", - деди Жумалиева.

Жогорку Кеңештин депутаттары Абдывахап Нурбаев, Жанар Акаев, Искендер Матраимов жарандык активисттер Сонунбек Жунусбаев, коомдук ишмер Шаирбек Маматокторовдун пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан