Интернетте Айыл чарба, тамак-аш, өнөр жайы жана мелиорация министрлигинен жеке компанияларга келген кат кызуу талкууга алынууда. Ал катта III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун уюштурууга демөөрчүлүк кылуу сунушу жазылган. Аталган министрлик бул кат боюнча SUPER.KG порталына төмөнкүдөй жооп берди.
"Жеке ишкерлерди мажбурлоо менен акча алынган жок. Каалаган ишкерлер өз эрки менен салымын кошууда. Биз жиберген катта да Көчмөндөр оюнун уюштурууга салым кошкусу келген ишкерлерден финансылык жардам көрсөтүүсүн сураганбыз", - дешти министрликтен.
Айта кетсек, коомчулук арасында "ишкерлер келечектеги бут тосуулардан сактанып, айласыздан акча каражатын которуп жаткандыгы, Көчмөндөр оюнун өткөрүүгө бюджеттин акчасы жетпесе, үстөк пайызга акча алып үйлөнгөн жаштардай кылбай, ошол акчанын чегинде эле уюштурса болбойт беле" деген пикирлер айтылууда.
