Элчи Кылычбек Султан Түштүк Кореянын Кыргыз Республикасындагы жаңы элчиси болуп дайындалган Ха Тэ-йог менен жолугушту

3-июлда Түштүк Кореядагы Кыргыз элчиси Кылычбек Султан Түштүк Кореянын Кыргыз Республикасындагы элчиси болуп 26-июнда дайындалган Ха Тэ-йог менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кылычбек Султан Ха Тэ-йогду жооптуу кызматка киришүүсү менен куттуктап, ийгилик каалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн элчилери кыргыз-түштүк кореялык кызматташтыктын бардык маселелерин талкуулашты. Мындан тышкары алар эки тараптуу мамилелерди жаңы деңгээлге көтөрүү боюнча пландары жана пикирлери менен алмашты. Ошондой эле эки өлкөнүн ортосунда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү, жогорку деңгээлдеги саясий байланыштарды алга жылдыруу макулдашылды.

Маалымат үчүн: Ха Тэ-йог көп жылдык тажрыйбасы бар дипломат, Түштүк Кореянын Тышкы иштер министрлигинин системинде 1987-жылдан тарта иштейт. Ал Түштүк Корея Республикасынын АКШдагы, Чехиядагы, Германиядагы, Орусиядагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө иштеген. Мындан тышкары Ха Тэ-йог Түштүк Кореянын Тышкы иштер министрлигинде, президенттин администрациясында жана Улуттук коопсуздук кеңешинде жооптуу кызматтарды аркалаган. Ал 55 жашта, бир кыз жана бир уулдун атасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан