Вице-премьер: "Манас", "Ош" аэропортторундагы чек ара жана бажы кызматтарынын ишине карата нааразычылыктар орун алууда"

Вице-премьер-министрлер Жеңиш Разаков жана Алтынай Өмүрбекова III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алдында "Манас" эл аралык аэропортунун меймандарды кабыл алууга даярдыгын көзөмөлдөштү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жеңиш Разаков белгилегендей, тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан өлкөгө келген коноктор үчүн шарттарды түзүү чаралар кабыл алынышы зарыл.

"III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жалпы мамлекеттик деңгээлдеги иш-чара болуп саналат. Анда жакынкы жана алыскы чет мамлекеттерден жогорку даражалуу жактардын жана расмий делегациялардын катышуусу пландаштырылууда. Буга байланыштуу бардык уюштуруу маселеси жогорку деңгээлде чечилүүгө тийиш", - деди Жеңиш Разаков.

Анын айтымында, коомчулукта "Манас" жана "Ош" эл аралык аэропортторундагы чек ара жана бажы кызматтарынын ишине карата нааразычылыктар орун алууда.

"Аэропорттордо бардык кызматтар жана мекемелер жүргүнчүлөрдүн кызыкчылыгы үчүн ырааттуу иш алып барышы кажет. Жарандар көбүнчө паспорттук көзөмөлдөн өтүүдө узакка кезекке турушат. Мындай болбошу керек. Бул жүргүнчүлөр үчүн ыңгайсыздыкты жаратып, меймандардын алдында өлкөнүн аброюн төмөндөтөт", - дейт Разаков.

Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, "Манас" аэропортунун жетекчилиги аэропортто иштеген кызматтардын иш-аракетин координациялоону күчтөндүрүүсү зарыл.

Мамлекеттик органдарга жарандардын учуп келүү, чыгуусуна жана жарандарды каттоого алууга тийиштүү маселелерди үзгүлтүксүз түрдө өзгөчө көзөмөлдө кармоо тапшырылды. Ошондой эле техникалык жабдууну жакшыртуу, каттоого алуучу кабиналардын санын жогорулатуу жана аэропорттун аймагындагы башаламан таксилердин ишин иретке келтирүү маселесин чечүү тапшырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kolyn
2018-07-05 09:42:52
Аэропорттун ар-бир кызматкери "оперативно и профессионально"иштеш керек,жалпайыып олтурабербей...
+1
Sahka
2018-07-07 15:18:19
Туризмди онуктурот имиш. Мисал; мен Москвада бир орус менее суйлошуп калып Ыссык-Колду айтып берип кызыктырсам, сайттан билеттердин баасын коруп ал эмес менин да баргым келбей калды. Туда-обратно 25-30 000рубль болот экен, Бир адамга только билетке. Бир йу-булонун чыгымын эсептей берсен, ал акчага Турцияга горячий путевка менен 2 жолу эс алып келет экенбиз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан