Алмаз Сазбаков Кыргыз өкмөтүнүн ЕАЭБдеги өкүлү болуп дайындалды

Алмаз Сазбаков мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз өкмөтүнүн ЕАЭБдеги атайын өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругуна ылайык Алмаз Сазбаков мурдагы ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Евразиялык экономикалык биримдиктеги иштери боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды.

Алмаз Сазбаков буга чейин экономика министринин орун басары болуп эмгектенип келген. Ал Чүй облусунун Токмок шаарында туулган, 36 жашта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан