Канадада ченемден тышкары ысык аба ырайынан каза болгондордун саны 18ге жетти

Канаданын Квебек провинциясында ченемден тышкары ысык аба ырайынан улам каза болгондордун саны 18ге жетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Белгилүү болгондой, Канадада бир нече күндөн бери абанын температурасы +35 градустан жогору болууда. Мындан улам "Тез жардам" кызматына кайрылгандардын саны өскөн. Ошондой эле жергиликтүү бийлик тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ысыктан сактануунун жол-жоболору түшүндүрүлүп жатат. Мындай ченемден тышкары ысык аба ырайы дагы 2-3 күнгө созулары айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
keba300989
2018-07-05 08:58:22
бизге келишсе кырылат экенда
+1
Nanei
2018-07-05 09:21:38
Ал жакта нымдуулук ото жогору,алардын 35_градусу биздин 45градустай сезилет
+3
Nariste...12
2018-07-05 14:40:29
Бизде да болот деп жатат го
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан