Кыргыз сому КМШ өлкөлөрүндөгү эң туруктуу валюталардын катарын толуктады

Кыргыз сому КМШ өлкөлөрүндөгү эң туруктуу валюталардын катарын толуктады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Bloomberg экономикалык басылмасынын аналитиктери КМШ өлкөлөрүндөгү улуттук валюталардын наркы акыркы жылдары канчага өзгөргөнүн изилдешкен. 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча орусиялык рубль 8,64 пайызга арзандаган, ал эми украиналык гривендин наркы 7,4 пайызга кымбаттаган.

Басылмада жазылгандай, рубль акыркы 5 жылдагы эң төмөн көрсөткүчтү көрсөткөн. Украинадан кийин жакшы көрсөткүчтөрдү грузиялык лари (6,1 пайыз), молдавиялык лея (1,69 пайыз), кыргыз сому (1,14 пайыз) көрсөткөн.

"Орусия эң негизги соода өнөктөшү болгон Казакстан жана Беларусь өлкөлөрүнүн валюталарына АКШнын апрелдеги санкцияларынын кесепети таасир эткен", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
ziash85
2018-07-05 10:47:00
Жүрөк жылытаарлык жаңылык го
+3
aizira
2018-07-05 10:50:33
жакшы жанылык)))
+3
Sizge.kat
2018-07-05 11:03:50
Бир аз болсо да эрдемсип калат экенсин
+3
tular
2018-07-06 01:55:36
Бизде производства жок ошондуктан сом арзандаган жок. Акчасы инфуляция болгон олколордо завод, фабрикалар иштейт, ошондуктан алардын продукциялары сатылбай калган..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан