Тажикстанда өзүн коргой албай, кыргыз тарапка куралдарын тарттырып жиберген чек ара кызматкерлери жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу тажик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
"Алар бир жылдан бери кызмат өтөп жатканына карабай кармалууга жол бербеши керек болчу. Чек арачыларга кандай жаза колдонулары белгисиз. Аскер прокуратурасы тарабынан иликтөө иштери уланууда", - деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, ушул жылдын 4-июнь күнү чек арага жакын жерде жайма базар ачууну көздөгөн Кыргыз жарандарына каршы чыккан тажик чек арачылары кыргыз тарапка өтүп келишкен. Натыйжада алар кыргыз чек арачылары тарабынан кармалып, кийинчерээк коё берилген.