5-июлда Биринчи Май райондук соту депутат Канатбек Исаевдин мурунку баш коргоо чарасын күчүндө калтырып, ишти кайра тергөөгө жөнөттү. Мындай маалыматты Канатбек Исаевдин кызы Бермет Исаева SUPER.KG порталына билдирди.
Кечээ Биринчи Май райондук сотунда Канат Исаевдин үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум өтүп, жумуш убактысы бүтүп калгандыгына байланыштуу жылдырылган.
Эске салсак, Канат Исаевге Башкы прокуратура тарабынан 2017-жылдын 30-сентябрь күнү "кылмышка даярдануу", "массалык баш аламандык" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, УКМК тарабынан кармалган.
Буга чейин Исаевге козголгон дагы бир кылмыш иши мөөнөтү өтүп кеткендиктен 28-июнда токтотулган. Мындай чечимди Бишкек шаардык соту чыгарган. Исаев 2008-2010-жылдары Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда "пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп айыпталган.