Кемерово шаарында "Зимняя вишня" соода борборундагы өрттөн каза болгондордун жакындарына дагы 2 миллион рублдан бөлүнөт. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, "Зимняя вишня" соода борборунда каза болгондордун жакындарына 2 миллион рублдан бөлүнөт. Бул тууралуу тийиштүү мыйзамды Кузбасстын парламенти кабыл алды.
Тилсиз жоодон каза болгон адамдардын жакындарына көрсөтүлгөн жардамдын жалпы суммасы 120 миллион рублду түзөт. Аталган каражат Кемерово облусунун бюджетине кайрымдуулуктан түшкөн акчалардан бөлүнөт. Акчалай жардамды алуу үчүн маркумдардын жакындары 2019-жылдын 1-январына чейин арыз менен социалдык коргоо кызматына кайрылуусу керек.
Айта кетсек, соода борборунда тилсиз жоодон каза болгондордун саны 53 адамга жеткен.