Бүгүн, 5-июлда Ак Үйдүн алдына Аксы окуясынын катышуучулары митингге чыкты. Митингдин катышуучусу Максатбек Момуналиев SUPER.KG порталына билдиргендей, алар президент Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусун талап кылып жатат.
"Биз президент Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусун талап кылып жатабыз. Аксы окуясына баа берүү боюнча кайрылуу берели дегенбиз. "Аксы окуясынын баатыры" деген мамлекеттик деңгээлдеги макам берүүнү талап кылабыз. Сооронбай Жээнбековго үнүбүз жетпей жатат. Президентке биринчи катыбызды жөнөткөнүбүзгө 4 ай болду, дагы деле жооп жок. Андан бери 4 жолу кат менен кайрылдык. Бүгүн 21 адам митингге чыктык. Саат 9:00дөн баштап Ак Үйдүн алдында турабыз, бизди эч ким кабыл алган жок. Тарабайбыз, түндө да ушул жерде калабыз. Эки күн күтөбүз, эч ким кабыл албаса ачкачылык жарыялайбыз", - деди Момуналиев.