Молдомуса Конгантиевдин кылмыш иши 8 жылдан кийин токтотулду. SUPER.KG порталынын "Бакиевдин кадрларынын акталганы 7-апрелде шейит кеткендерге убал эмеспи?" деген соболуна жарандык активист Алга Кылычов жооп берди.
Анын айтымында, өлкөнүн мурунку президенти Курманбек Бакиевдин бийлиги кылмыш дүйнөсүнө аралашканы тарыхта эч качан унутулбайт.
"Кандай болгон күндө да кандуу Бакиевдин бийлиги кылмыш дүйнөсүнө аралашып, Медет Садыркулов, Геннадий Павлюк, Сыргак Абдылдаевге чаламандын чак түшүндө мыкаачылык менен кол салуу болгонун биз унутсак да, тарыхта эч качан унутулбайт. Бул кылмыштардын башында Бакиев жана анын "Бөрк ал десе, баш алган" күч түзүмдөрүндө иштеген үлкөн адамдар болгону факт.
Мен Конгантиевге козголгон кылмыш иши кандайча кыскартылганын билбейм. 2010-жылы 7-апрелде карапайым жигиттер "Ала-Тоо" аянтында окко учкан, миңдеген адамдар жаракат алган. Бакиевдин камчысын чаап жүргөндөрдүн акталууга, мамлекеттин саясатына, ишине кийлигишүүгө, уялбай басып жүрүүгө моралдык укуктары жок деп эсептейм. Алар Кыргыз тарыхында кара так менен жазылып кала турганына ишенем", - дейт Кылычов.
Жогорку Кеңештин депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Улукбек Ормонов, экс-депутат Мээрбек Мискенбаев, жарандык активисттер Мавлян Аскарбеков, Айбек Мырзанын пикири бул шилтемеде.