Молдомуса Конгантиевдин кылмыш иши 8 жылдан кийин токтотулду. SUPER.KG порталынын "Бакиевдин кадрларынын акталганы 7-апрелде шейит кеткендерге убал эмеспи?" деген соболуна Апрель окуясынын катышуучусу Айбек Мырза жооп берди.
Ал Молдомуса Конгантиевге козголгон кылмыш иши 8 жылдан кийин кыскартылганы туура эмес деген пикирде.
"Конгатиев президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековду жандап жүргөнүн көргөндө туура эмес дегем. Бакиевдин бийлиги канчалаган элди өлтүрдү. Алардын күнөөсү далилденсе, кылмыш жоопкерчилигине тартылып, өздөрүнүн жазасын алышы керек. Анткени Бакиевдин режиминде кылмыш жасаган адамдар жетишерлик жазасын албаса, Апрель окуясында каза болгондордун арбагын тебелегенге жатат. Курман болгондор адилеттүүлүк үчүн күрөшкөн. Бирок алардын үмүтү аткарылган жок", - деген ойдо Айбек Мырза.
Жогорку Кеңештин депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Улукбек Ормонов, экс-депутат Мээрбек Мискенбаев, жарандык активисттер Мавлян Аскарбеков, Алга Кылычовдун пикири бул шилтемеде.