Экс-депутат Мээрбек Мискенбаев: "Конгантиев акталды, эртең Бакиевди да акташат"

Молдомуса Конгантиевдин кылмыш иши 8 жылдан кийин токтотулду. SUPER.KG порталынын "Бакиевдин кадрларынын акталганы 7-апрелде шейит кеткендерге убал эмеспи?" деген соболуна Жогорку Кеңештин экс-депутаты Мээрбек Мискенбаев өз пикирин билдирди.

Мискенбаев Конгантиевдин ишинин кыскартылышы Бакиевдерди актоого алып барат деген ойдо.

"Мен мурдатан эле "Бакиев келип калгандай, ошолор өч алып жаткандай болуп жатат" деп айтып келе жатам. 7-апрелде жаракат алган мага окшогондорго кылмыш ишин козгоп жатат, ал эми аларды актап жатышат. Ушул акыйкаттыкпы, калыстыкпы? Президенттин инисине бир сөз айтып койсо, куугунтукка алып жатат. Азыр таң калуунун кереги жок, эртең Бакиевди деле актайт, эми четинен актай беришет, ошого баратышат. Булардын бирден бир максаты - Апрель революциясын жокко чыгаруу, 7-апрелде өз жанын тобокел кылган балдарга куугунтук кылмай, камамай.

Туура, түшүнүп жатам, шайлоодо Сооронбай Жээнбековду колдоп түштүк аймагында жүрүптүр, биз деле ал убакта Таласта колдоп жүрбөдүк беле. Конгантиев 2010-жылы ички иштер министри болуп турду, кантип күнөөсү жок болсун. Бул нерсе Апрель революциясынын катышуучулары үчүн бир топ эле оор тиет. Учурда "казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса" болуп жатат, макул, өздөрү билсин. Тарых баарын аныктайт", - деди Мискенбаев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Улукбек Ормонов, жарандык активисттер Мавлян Аскарбеков, Алга Кылычов, Айбек Мырзанын пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан