Футбол боюнча Кыргыз курамаcынын Азия оюндарындагы атаандаштары белгилүү болду

Футбол боюнча Кыргыз олимпиадалык курама командасынын 2018-жылы өтө турган Азия оюндарындагы атаандаштары белгилүү болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы билдиришти.

18-август - 2-сентябрь аралыгында Индонезияда өтө турган Жайкы Азия оюндарында футбол боюнча мелдеште жалпы эсепте 24 курама команда 6 тайпага бөлүнгөн. Анда Игорь Кудренко башкарган Кыргыз курамасы "Е" тайпасына туш келип, Түштүк Корея, Малайзия жана Бахрейн курама командалары менен кез келет.

Айта кетсек, футбол боюнча олимпиадалык курама командасына 23 жашка чейинки спортчулар жана 23 жаштан жогору 3 спортчу гана кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
stepboy
2018-07-05 18:00:19
Группадан чыкканга шанс бар экен
-1
FCB14
2018-07-05 20:38:45
23 жаштан жогору Баяматов,Землянухин,Мурзаев болсо мыкты болмок
+2
Nazar76
2018-07-05 20:55:25
FCB14,алар деле кыйратып ойнобойтда
0
zahid
2018-07-05 22:22:44
Азия оюндарына катыша албаган курамалар канча!!! Биздин курама кучтуу буюрса
-1
NURSAPAR
2018-07-07 20:18:17
Кандай болсо да ийгилик!!!!
0
Moon1727
2018-07-10 16:30:15
Групасынан чыгабы экен биринчи Бахрейн Түш Корея булар күчтүго дагы биздин командалар 23 жашка чейинкилер ойной алышпайт Өзбекстан фоварит Азия чемпиону болдуго алар 23 жашка чейинкилер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан