Жарандык активист Мавлян Аскарбеков: "Бардыгын 7-апрелде шейит кеткендердин арбагына шылтай койгондон алыс болушубуз керек"

Молдомуса Конгантиевдин кылмыш иши 8 жылдан кийин токтотулду. SUPER.KG порталынын "Бакиевдин кадрларынын акталганы 7-апрелде шейит кеткендерге убал эмеспи?" деген соболуна жарандык активист Мавлян Аскарбековдун жообу.

Аскарбеков бардыгы мыйзам жолу менен кетиши керектигин жана 7-апрелде каза болгондорду колдонуудан алыс болсок деген ойдо.

"Конгантиев 2010-жылы Таласта катуу ур-токмокко алынган, бир топ азапка салынган. Мен аны жеке тааныбайм, бирок ушунча жылдан бери угуп, көрүп жүрөм, бул убакта кылмыш иши козголуп, жоопко да тартылды. Кылмыш иши кыскартылып жатканы убакыттын өткөнүнө байланыштуу болуш керек. Канчалык мыйзамдуу жана мыйзамсыз чечим чыгарып жатканы прокурор, тергөөчүлөр, соттордун абийиринде.

Бардыгын эле 7-апрелде шейит кеткендердин арбагына шылтай койгон логикадан алыс болушубуз керек. Ошол каза болгон жарандарды бир ууч адам колдонуп, ар кандай ишканадан алдоо жолу менен акча алышууда, мына кылмыш иши да козголуп жатат.

Тарыхта Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин миңдеген кишилердин өмүрүн кыйган "баш кесерлерди" дагы Гаагага алып барып соттогон, алардын жактоочусу болгон, сөз берилген. Ошондуктан бардыгы мыйзам жолу менен кетиши керек", - деди Аскарбеков.

Жогорку Кеңештин депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Улукбек Ормонов, экс-депутат Мээрбек Мискенбаев, жарандык активисттер Алга Кылычов, Айбек Мырзанын пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан