Орусияда жумуш берүүчүлөр 35 Кыргыз жаранын мажбурлап иштетип жатышкандыгы белгилүү болду

Орусиянын Москва облусунда иш берүүчүлөр Кыргыз жарандарын мыйзамсыз кармап, мажбурлап иштетип келишкен. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 2-июль күнү Элчиликтин консулдук бөлүмүнө Кыргыз жараны Бактыбек Койчубаев арыз менен кайрылып, жумуш берүүчүлөр 30-40ка жакын Кыргыз жаранын алдап паспортторун алып, аларды мажбурлап иштетип жатканын айткан.

“Келип түшкөн маалыматтын негизинде элчиликтин кызматкерлери менен миграция боюнча кызматы иликтөө жүргүзүшкөн. Алар арызда көрсөтүлгөн Москва облусундагы Большевик кыштагына барып, кармалган кыргыздардын абалы менен жакындан таанышышкан.

Текшерүүнүн жүрүшүндө мыйзамсыз кармалган 35 жаран “Экоклининг” аттуу компаниянын каттоосунда турушканы аныкталган. Ошондой эле жумушчулардын жанында документтери жок экендиги жана санитардык талапка жооп бербеген шартта жашап келишкендиги белгилүү болгон. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мыйзамсыз кармалып турган жарандардын баары Бермет аттуу айым аркылуу Орусияга келишкенин айтышкан. Берметтин номерин алар Бишкектеги "Ош базарындагы" радио түйүндөн жана телевизордогу жүгүртмө тексттик жарнамадан алышканын айтышкан. Мындан сырткары алар Бермет аттуу айым такыр башка жумуш шартты жана айлык акыларды убада кылганын айтышкан.

Компаниянын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн соң бир саатка жетпей жумушчуларга паспорттору кайтарылып берилген. Ошондой эле ишкананын жетекчилиги 2 сутка ичинде жумушчулардын мурда иштеген эмгектери үчүн маяналары толугу менен төлөнөрүн айткан
”, - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Kyrgyz_bloger
2018-07-05 18:26:30
Баягы эле кыргыздын душманы кыргыз да
+22
Tansuluu09
2018-07-05 18:31:39
Берметти турмого тыккыла!!!!
+23
Jasa
2018-07-05 18:41:24
Азыр деген мурункуга салыштырмалуу бир аз интернет онуккон,адамдардардын кругозору да мурдагыдай эмес деп ойлочумун корсо азыр деле кул катары иштегендер бар экен да
+13
Jaziko80
2018-07-05 20:58:30
Jasa, толтура андайлар. Байкуштарга боорум ооруйт.
+4
Sizge.kat
2018-07-05 18:42:28
Ушундайлардын айынан канчалаган уй булоо кыйналышууда убалы уктатпасын жанагыларды
+10
Nanei
2018-07-05 18:52:49
Ушу Адам саткандарды неге жазалашпайт??? Канча фактылар айтылып,жазылып келе жатат гезит бетине,кумга суу синип кетендей эле жок болот
+11
bond02
2018-07-05 20:49:34
Берметти ошо 35 эркекке 10кунго кошуп бергиле.
+21
s81
2018-07-05 21:35:36
35 эркек тытатда бир саата эле
+8
aibars
2018-07-05 22:09:23
Мындан кийин: ошол жумуш таап берген ( Ош базарындагы билдируу калтырган ) ортомчулардын так маалыматын тийиштуу Юридикалык Мекемелерге каттатып, дарегин паспорт кочурмосун, уй дарегин тактатып кою эн зарыл нерсе. Ушинтип алдап кете турган болсо кармаганга эн женил жана иш таап берип жатканда жоопкерчиликти сезе биле алат. Болбосо бир Батмакан дагы 50 кишинин убалына калат жана дагы бир Зууракан 100 кишини сызга олтургузуп кетет.
+10
Pandora
2018-07-05 22:14:30
Не ужели Москвадагы кыргыз консулу алдангандардан кабар алып алардын оюн укту? ))) Кыргызды кыргыз сатат,кыргызды кыргыз чукуйт.
+2
Aijamal9487
2018-07-05 23:34:52
Бермет кантип оз мекендешинди кордойсун ХХХХХХХ!!!Алар да бала чака багайын деп иштеп журот..
+5
Ibrahim1122
2018-07-06 00:46:18
Сүрөттө тургандар ошолорбу алдангандар супер инфо?
-1
Snikers18
2018-07-06 10:02:41
Ibrahim1122, Жок,алдангандар алар эмес. Сен сураган сүрөттүн төмөнкү оң жагында "ИЛЛЮСТРАЦИЯ" деп жазылып турбайбы.
+2
madina.87
2018-07-06 12:19:08
Ошол Берметти дагы бир Россияга келгиси келген адам катары сүйлөшүп ,журналисттер колго түшүрсөңөр болот. Ушунча адамдын алардын артында акча иштеп келет деп күткөн ар биринин үй бүлөсүнүн убалы уктатпасын БЕРМЕТТИ.
Анын чыныгы аты башка болсо керек!!!
+2
bazar
2018-07-06 12:35:26
Берметти "меметиш " керек экен ...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан