Евразия өнүктүрүү банкынын төрагасы Жээнбековго өлкөдө кайсы долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин айтты

Президент Сооронбай Жээнбеков 5-июлда Евразиялык өнүктүрүү банкынын (ЕАӨБ) башкармалыгынын төрагасы Андрей Бельяниновду кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жолугушууда жол жана транспорт инфраструктурасын жакшыртуу, энергетикалык коопсуздукту жогорулатуу, өнөр жайды өнүктүрүү боюнча ЕАӨБ аркылуу ишке ашырылып жаткан долбоорлор жана ошондой эле орто мөөнөттүү алдыга коюлган пландар талкууланды.

Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын жана Евразиялык өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы башталгандан берки биргелешкен ишинин жакшы тажрыйбасын белгилеп, Кыргыз өлкөсүндөгү маанилүү инвестициялык долбоорлорду каржылоодо, өзгөчө энергетикалык коопсуздукту бекемдөө маселелеринде ар тараптуу колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

"ЕАӨБдүн Кыргыз Республикасындагы маанилүү инвестициялык долбоорлорду каржылоо маселесиндеги салымы сезилерлик. Муну менен катар бизде өлкөбүздүн экономикасы үчүн стратегиялык мааниге ээ бир нече пландаган долбоорлорубуз бар. Биз ЕАӨБ менен бардык ушул багыттар боюнча иштөөгө даярбыз", - деп белгиледи Жээнбеков.

Ал Кыргыз экономикасын ЕАЭБге интеграция кылууну күчөтүү жана бул процессте ЕАӨБдүн ролун жогорулатуу зарылдыгын белгиледи.

Евразиялык өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасы Андрей Бельянинов Кыргыз өлкөсү үчүн стратегиялык мааниге ээ долбоорлорду ишке ашырууда ар тараптуу жардам берүүгө даяр экенин билдирди.

"Биз Кыргыз өкмөтү менен биргеликте эки тараптуу кызматташуунун программасын талкуулап, бекитүүгө даярбыз. Улуттук валюта менен иштеп, интеграциянын алкагында инвестициялык долбоорлорго колдонуу артыкчылыктуу болуп эсептелет. Бул рыноктун өзгөрмөлүү шартында ишкерлердин кызыкчылыктарын коргоого багытталган", - деп белгиледи Бельянинов.

Ошондой эле ал ЕАӨБ энергетиканы өнүктүрүү тармагында жана транспорттук инфраструктураны курууда долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин маалымдады.

Талкуунун жыйынтыгы боюнча мамлекет башчысы экономиканын Кыргыз өлкөсү үчүн маанилүү тармактарында Орусия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жана мамлекеттик банктар аркылуу насыялардын көлөмүн көбөйтүү аркылуу ЕАӨБдүн инвестициялык ишмердигин кеңейтүү боюнча каалоо-тилегин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан