Биз социалдык тармакта

Кыз ала качкандарга жазаны күчөткөн мыйзам даярдалды

Ички иштер министрлиги кыз ала качкандардын жазасын күчөткөн мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду. Ага ылайык, Кылмыш-жаза кодексине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилмекчи.

17 жашка жете элек адам менен иш жүзүндө никелик мамилеге өтүүгө мажбурлагандарга 300 миң сомго чейин айып пул салып, 5 жылга чейин эркинен ажыратуу сунушталууда. Азыр иштеп жаткан мыйзам боюнча мындай аракеттерди жасагандарга 10-50 миң сом айып пул салынат же 2 жылга чейин түзөтүү иштерине тартылат же 2-5 жылга чейин эркиндиги чектелет.

Мындан тышкары никелик мамилеге өтүү үчүн 17 жашка жете элек адамды ала качкандарга 200 миң сомго чейин айып пул салып, 5-10 жылга чейин эркинен ажыратуу демилгеленүүдө. Азыркы мыйзам боюнча кыз ала качкандар 5-10 жылга гана кесилет.

Ошондой эле аялды никеге турууга же никелешип чогуу жашоону улантууга мажбурлаганда же никелешүү үчүн анын эркине каршы ала качканда, ошого тете аялдын никеге турушуна тоскоолдук кылганда жаза 200 миң сомго чейин айып пул салуу же 5 жылга чейин эркинен ажыратуу деп өзгөртүлмөкчү. Азыркы мыйзам боюнча бул ишке барган адамга 10-20 миң сомго чейин айып пул салынат же 5 жылга чейин анын эркиндиги чектелет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Sabette
2018-07-06 13:10:29
Туура бирок 18ге тололектерге дептир андан чондоргочу?
+5
Bodibilding
2018-07-06 13:23:48
Айлантып еле озунордун чонтогунорго киреше Кире турган мыйзам ойлоп чыгат екенсинер да.
+9
Nanei
2018-07-06 13:47:50
18 ден ойдо жаштагыларды ала качса эч нерсе болбойьу??? Закон чийкидей бираз
+4
pat12
2018-07-06 13:55:54
Ар бир ата эне кыздарын ойлош керек. Бизде коп учурда ата энелер оздору кызым куйого тийбей калбасын деп эле, ала качканына суйунушуп отура беришет. Мындай болбош керек. Ата энелер озунун кыздарынын алдында жоопкерчиликти сезиш керек.
+4
Elaigun1991
2018-07-06 15:09:43
Чык эшике деген мыйзам болуп калыптыр
+4
Karakash
2018-07-06 18:17:25
Elaigun1991, туура созуно кошуламын чийки. 18жаштан жогору ала качкыла жолунар ачык дегендей.
+1
Bazana
2018-07-06 20:13:16
18 ден жогоркуларга деле бар экенго , эркине каршы ала качса деп турат , кээ бирлери макулдашып алып качты кылатго.
+2
Bekboloooot
2018-07-06 23:15:28
Айып пул салсаңар чоңураак салсаңар ал 3, 4 миңди долларды төлөп коюушатда,500 миңден баштагыла жок дегенде.

и камоогода көбүрөөк убакыт берүү керек, биздин жаш кыздар оюнчук эмесда любой момент бирөөнүн тагасы байке чиновник же иим дин бир кычыгында иштеселе эптеп алып качып ишти жапты жапты кылбай.
ырас сунуштап жатасыңарбы көбөйткүлө сумманы и жаза мөөнөтү..
ала качуу ал кылмыш да...
+1
Jyrgal_msk
2018-07-07 00:34:52
Кыздын көңүлүнө карабай ,,ала качып кете бер,биз ыраазы"- деген ата-энелерге да мыйзам керек.
0
aya88
2018-07-07 09:24:28
Кыргызстанда мыйзамдан мурун кыргызчылык, тууганчылык, акча женип кетет.
0
aksy94
2018-07-07 15:08:17
Кыз алакачканга 5,10жыл а адам олтургонго 3,7жыл соонун мыйзамго
0
karakulja
2018-07-08 02:06:55
Качыруу окмот учун тыйын болду,
кыздыгы жок кыздарга кыйын болду.
Кыйкырып кочо кезип коп эркектер,
Кыз таппай кыркка чыгып олчу болду....
0
jaskaaa
2018-07-08 23:44:02
21 жаштагы кызды ала качып кетти. Анан соткко кайрылса. "Жооок биз 17 жашка чеинкилердин гана арызын карайбыз "дешеби?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан