Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 6-июлда Ысык-Көл облусу боюнча эки күндүк иш сапарынын жүрүшүндө "Балыкчы-Корумду" унаа жолунун курулушу менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов бүгүнкү күнү жолдун 33дөн 43,5-чакырымына чейин жана 85тен 104-чакырымына чейин асфальтбетон жаткыруу иштери аяктаган.
Ошондой эле жолдун 23-33-чакырымдарында эски асфальтбетон катмарын кырып таштоо жана негизги катмарды жаткыруу иштери жүрүүдө. Иштерди 2018-жылдын августуна чейин аяктоо пландалууда.
Ал ошондой эле ушул жылы жалпысынан "Балыкчы-Корумду" жолунун жалпы узундугунун 71-чакырым курулушу бүткөрүлөрүн кошумчалады.
Өкмөт башчы белгилегендей, курулуш иштерин жайкы туристтик мезгилде эс алуучуларга ыңгайсыздыктарды жаратпастан бекитилген график боюнча жүргүзүү зарыл.
Премьер-министр курулуш иштери үчүн мамлекеттик бюджеттен кошумча каражаттар бөлүнөрүн, буга байланыштуу финансы каражаттарын максаттуу пайдаланууну катуу көзөмөлдөөнү камсыздоо керектигин баса көрсөттү.
Мындан тышкары ал ырастагандай, "Лонг-Хай" жалданма компаниясы субподрядчик компаниялардын маселелерин тез арада чечүүсү зарыл.
Премьер-министр жол жээгиндеги инфраструктураларды жакшыртуу жана жолдун курулушу аяктаган тилкелерди тазалоо иштерин бүткөрүүнү тапшырды.