Премьер-министр жайкы туристтик сезонду тийиштүү уюштуруу боюнча бир катар тапшырмаларды берди

Бүгүн, 6-июлда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ысык-Көл облусу боюнча эки күндүк жумушчу сапарынын алкагында ата мекендик туризмди өнүктүрүү жана 2018-жылга жайкы туристтик сезонду уюштуруу маселеси боюнча көчмө жумушчу кеңешменин жыйынтыгы менен өлкөнүн мамлекеттик органдарына бир катар тапшырмаларды берди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик каттоо кызматына туристтерди ыкчам каттоого алууну камсыздоосу тапшырылды. Тийиштүү мамлекеттик органдарга үзгүлтүксүз негизде электрондук визалардын туруктуу берилишин камсыздоо тапшырылды.

Ысык-Көл облусунун жергиликтүү бийлигине Ички иштер министрлиги менен биргеликте чыр-чатактуу кырдаалдардын алдын алууга багытталган профилактикалык иштерди өткөрүү тапшырылды.

Транспорт жана жолдор министрлигине пансионаттарга жана эс алуу жайларына карай кеткен жолдорду өз балансына алуу боюнча сунуштарды киргизүүсү тапшырылды.

Ошондой эле Маданият, маалымат жана туризм министрлигине ушул жылдын 1-сентябрына чейин артыкчылыктуу туристтик багыттар менен программа иштеп чыгуу жана үстүбүздөгү жылдын 31-декабрына чейин туризмди өнүктүрүү боюнча маркетингдик стратегиясын иштеп чыгуу тапшырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
raykray
2018-07-06 16:58:07
Админ кечиресиз, мага кант диабети анан кан басым боюнча жазылган темалар болсо ссылкасын жибериниз сураныч
+1
Adambol
2018-07-06 17:07:52
сезон баштала электе уюштурбайбы. сезон кычаганда кычабай.
+3
tular
2018-07-06 19:32:20
Чыныгы кыргыз экен....
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан