КСДП: "Атамбаев "Медиа Форумду" сатты деген имиштер чагымчылдык"

Алмазбек Атамбаев “Медиа Форумду” сатты деген имиштер чагымчылдыкка жатат. Бул тууралуу бүгүн, 6-июлда SUPER.KG порталына КСДП ишкананын башкы директору Адилет Жумалиевге шилтеме берүү менен билдирди.
Маалыматка ылайык, “Медиа Форумдун” имараты “НПФ Форум” ЖЧКга тиешеси болгон эмес, азыр да тиешеси жок.
“НПФ Форум” ЖЧКдагы менчик ээсинин алмашышы бизге, имаратка да, биздин башка активдерибизге да эч кандай тиешеси жок. Форум сатылганы боюнча маалыматтын артында кимдер турганы бизге белгилүү. Алар азыркы кырдаалды эң сонун түшүнүп турушат жана адамдардын башын атайын айландырышууда", - деп Жумалиев билдирди.
Маалыматка ылайык, “Медиа Форум” ишканасына 187 адам акционер болуп эсептелет. Анын ичинде Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева да бар.

Эске салсак, айрым маалымат каражаттары “Медиа Форум” ишканасы башка адамдарга сатылганы тууралуу жазып чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан