Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы жазалоо укуктарынан ажыратылышы керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 6-июлда Ысык-Көл облусу боюнча эки күндүк иш сапарынын алкагында жайкы туристтик мезгилди уюштуруу маселелери боюнча жумушчу кеңешмеде билдирди.
“Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруунун алкагында Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын ишмердигин кескин өзгөртүү чаралары каралган. Өлкөнүн жолдорундагы адам өмүрүн алган кайгылуу окуялар бул түзүмдүн бошоңдугун көрсөттү. Башкармалыктын кызматкерлери айып салып, пара талап кылганды гана билишет. Буга мындан ары чыдоого болбойт”, - деди премьер-министр. Ал ички иштер министри Кашкар Жунушалиевден жол кыймылынын эрежелерин катуу сактоону камсыздоону, ошондой эле ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин ак ниет аткаруусун талап кылды.
Өкмөт башчы өзгөчө белгилегендей, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы жазалоо укуктарынан ажыратылышы керек.
"Мен аталган башкармалыкка бузууларды аныктоо укуктарын гана берүү пикирин карманам. Бул аркылуу алар жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого жооптуу болушат. Ал эми таякча менен туруп алып, бузуучуларды аныктоо, пара талап кылуу мүмкүндүгү жоголот. Жол кыймылынын коопсуздугу үчүн жооптуулар чет мамлекеттик номерлүү ар бир унааны токтотуп жатышса, туризмди өнүктүрүү тууралуу кайдан сөз болот", - деди Абылгазиев.