"Урал аба жолдору" авиакомпаниясынын учагында төрөлгөн балага Уралбек ысымы ыйгарылды

Учакта төрөлгөн балага Уралбек ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ош облусундагы координатору билдирди.

Маалыматка ылайык, орусиялык "Урал аба жолдору" авиакомпаниясынын учагында көз жарган айымдын аты Махбуба Сермаматова. Дарыгерлердин айтымында, ал август айында көз жармак, бирок учак абага көтөрүлгөн маалда кош бойлуу келиндин суусу кетип төрөтү башталган. Учакта салмагы 2 килограмм 600 грамм, бою 45 сантиметр болгон уул бала төрөлгөн.

Учакта төрөлгөн балага ата-эне "Урал аба жолдорунун" атынан Уралбек аттуу ысым ыйгарышкан. Азыркы тапта эне-баланын абалы жакшы.

Айта кетсек, 7-июль күнү Оштон-Екатеринбургга чыккан учакта кош бойлуу жүргүнчү көз жарган. Учак абага көтөрүлгөндө Сермаматова коштоочу-инструкторго кайрылып ичи ооруп жатканын билдирген. Коштоочу жардамга келген маалда кош бойлуу келиндин суусу кетип төрөтү башталып калган. Татьяна Булаева, Ольга Ковалева, Анастасия Пугаченко, Татьяна Юрьева баштаган коштоочулардын жардамы менен 15 мүнөттөн кийин жарык дүйнөгө уул бала келген. Учактын экипажы эне-баланын коопсуздугу үчүн кайра аэропортко конуп аларды дарыгерлерге өткөзүп берүүнү чечкен.

Учакта төрөлгөн наристеге Уралбек деген ысым берилди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
zhykyo
2018-07-09 08:45:45
Жакшы кийин туулган жерин десе самолеттон дейт турбайбы
+17
zevs
2018-07-09 08:56:12
bawka mamlekette uchakta torolso beker jurot ele uralbektin bagy jok ekenda akchasy az kompaniyanyn samaletu menen uchup kalgan eken.
+2
Muratmipa
2018-07-09 09:56:13
Негизи уруксат бербейтко боюнда бар аялдарга
+2
aslan77777
2018-07-09 11:32:11
Muratmipa, уруксат бербейт бирок тем более августа торосо, биздин жарандар , справканы арткы число менен жаздырып уча беретта оздорунун и баласынын денсоолугун ойлобой
+7
Azatbek.Svoboda.
2018-07-09 18:22:56
Уролжон же Уролбек эмеспи өзбек окшойтко!
+3
almanbetperm
2018-07-09 10:01:55
Самолетто торолсо 3 гражданство алганга укугу болот,
Кайсы мамлекеттин авиакомпаниясы менен учса,
Кайсы мамлекеттен болсо жана кайсы мамлекетке консо
+5
Azatbek.Svoboda.
2018-07-10 14:09:53
almanbetperm,Кайдагы жомокту айтпачы!
+1
Aikan1966
2018-07-09 10:10:35
Омуру менен болсун,асмандай кенен жигит болсун.
+13
marmiladka9
2018-07-09 10:13:52
Омурун берсин, кенен пейил кыргыздын керегине жараган учкуч болсун!
+11
momun74
2018-07-09 11:47:42
Ма Ша Алла!
+8
emirchik
2018-07-10 21:23:53
Омуру Узуун Болсун ушу жигитин.Кыргызстанда Торолушум керек деп болбойле Чыгып кеткенго Уралбек))
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан