Кыргыз Республикасынын Эл артисти Дүйшөн Байдөбөтовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү

Бүгүн, 9-июлда Кыргыз Республикасынын Эл артисти Дүйшөн Байдөбөтовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Ысык-Ата районунун Үч-Эмчек айылында өттү.

Акыркы сапарга узатуу зыйнатына маданият министри Султан Жумагулов, Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз, президенттин кеңешчиси Айбек Асыранкулов, маркумдун жакындары жана кесиптештери катышууда.

Садык Шер-Нияз өз сөзүндө Дүйшөн Байдөбөтов 100 жылда бир келчү талант экенин белгилеп, төмөнкүлөрдү айтып өттү: "Кыргыз киносу чоң жоготууга учурап турат. Агай биздин эсибизде жылмайган, бирде каардуу адамдын образына сүңгүп кирип, бирде жаш бала болгон залкар актёр катары эсибизде калды".

Ал эми маданият министри Султан Жумагулов жакындарына көңүл айтып: "Дүйшөн Байдөбөтов - кыргыз киносунун өсүшүнө зор салым кошкон инсан. Анын ар бир жараткан образы күйөрмандардын эсинде кала берет. Кандай гана роль болбосун ийине жеткире аткарып, көрөрмандын көңүлүн өзүнө бура алган чыгармачылыгы бийик адам эле", - деди министр.

Айта кетсек, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Дүйшөн Байдөбөтов 7-июль күнү 69 жашында дүйнө салган.

Дүйшөн Байдөбөтов "Мен Тянь-Шань!" тасмасында Ильястын, "Ак баранын көз жашында" Базарбайдын, "Токтогул" тасмасында Токтогулдун, "Каныбек" тасмасында Түлкүбектин, "Саманчынын жолунда" Субанкулдун, "Белгисиз маршрутта" айдоочунун ролун ийине жеткире аткарган. Мындан тышкары театр сахнасында 100гө чукул спектаклдерде роль жараткан.

69 жашында каза болгон актёр Дүйшөн Байдөбөтовдун сөөгү жерге берилди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Maxatbek
2018-07-09 11:13:14
Чынында чоң актёр эле
+4
Azat.97
2018-07-09 11:37:49
Жаткан жери жайлуу болсун!
+3
Asyl10
2018-07-09 14:18:04
Жаткан жери жайлуу,топурагы торко болсун, чынында кайталангыс актёр эле. Аябай окунучтуу 69 жашта болсо,жаш эле экен,80-90 жашка чейин жашаса болмок.Эми Кудайдын айтканы да. С.Чокморовдон кийинки эле мыкты актёр, кыргыздын чыгааны деп эсептейм. Аллах бейиштин торунон оорун берген болсун.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан