Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев 58 жашка толду. Ал 1960-жылы 11-июлда Ысык-Көл облусуна караштуу Түп айылында туулган.
Билими - жогорку, 1986-жылы ветеринардык медицина боюнча Витебск мамлекеттик академиясын, 2004-жылы Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Башкаруу академиясын жана аспирантурасын бүтүргөн.
Эмгек жолу 1986-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районундагы СССРдин 50 жылдыгы атындагы колхоздун улук ветеринар врачы болуп иштөө менен башталган.
1987-1992-жылдары Түп районунун Фрунзе атындагы колхозунун улук ветеринар врачы;
1992-1993-жылдары Түп районундагы СССРдин 50 жылдыгы атындагы колхоздун төрагасынын орун басары;
1993-1994-жылдары Бишкек шаарындагы дыйканчылык өнөр жай колхозунун директору;
1994-1995-жылдары Түп районунун Фрунзе атындагы колхоздун төрагасы;
1995-1997-жылдары Ысык-Көл облусунун Кутургу айылында "Алдаяр" айыл чарба кооперативинин төрагасы;
1996-1997-жылдары Ысык-Көл облусунун Түп районунун Кутургу айыл өкмөтүнүн башчысы;
1997-1998-жылдары Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын ассоциациясынын жетектөөчү адиси;
1998-2001-жылдар аралыгында БУУнун Өнүгүү программасынын "Децентрализация" долбоорунун эксперти;
1998-2002-жылдары Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттар конгрессинин аппарат башчысы;
2002-жылы Кыргыз Республикасынын айылдарынын жана поселокторунун жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдар ассоциациясынын төрагасы;
2009-2010-жылдары Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын уюштуруу иштери жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу бөлүмүнүн башчысы4
2010-2015-жылдары Өмүрбек Бабановдун "Республика" партиясынын тизмеси аркылуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылыштагы депутаты, Жогорку Кеӊештин Бюджет жана каржы комитетинин төрагасынын орун басары;
2012-2013-жылдары "Республика" парламенттик фракциясынын лидеринин орун басары болгон;
Ушул жылдын февраль айында өлкө башчынын жарлыгы менен Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.
11-июлга карата жылнаама.