"Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмеси Конгантиевдин маселеси боюнча президентке кайрылат

2010-жылдагы Апрель окуясынын катышуучулары, каза болгондордун жакындары президентке кайрылуу жолдошот. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин төрагасы Амантур Жамгырчиев билдирди.

"Ушул жума президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасайбыз. Анда бир гана "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин үнү эмес, Апрель окуясынын башка да катышуучуларынын, каза болгон жигиттердин жакындарынын да үнү бар", - деди Жамгырчиев.

Жамгырчиев кошумчалагандай, кайрылуунун мазмунунда төмөнкүлөр айтылат.

"Молдомуса Конгантиевдин ишинин кыскартылышы Бакиевдерди актоого алып барат. Бул акыйкаттыкпы, калыстыкпы? Урматтуу президент Сооронбай Жээнбеков, Апрель революциясында каза болгон маркумдардын убалын ойлоңуз. Кандуу апрелде миңдеген жарандар жарадар болуп, жүздөгөн жарандарыбыз окко учту, алардын ата-эне, жакындары азыр да ыйлап жатат", - деп айтылат кайрылууда.

Эске салсак, 6-июлда УКМК Молдомуса Конгантиевге 2010-жылы козголгон кылмыш иши Конгантиевдин аракеттеринде кылмыштын курамы жок болгондуктан токтотулганын кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
bekmirzach
2018-07-09 11:08:54
Конгантиев аскер адамы катары өз милдетин аткарып, тынчтыкты сактоо үчүн, мыйзамдуулукту камсыз кылуу максатында Таласка барып, ошол жактан катуу токмоктолгон. Бирок, ал элге курал колдонууга жол берген эмес. Андыктан аны жазага тартуунун кажети деле жок деп эсептеймин.
+12
nemo2016
2018-07-09 13:25:13
bekmirzach,озу ушул мискенбаевтин командасын баарын камаш керек кузгундар.бакиевтин убагында кыргыздын аброю жакшы болчу тажик озбектер чек арага жакын киралбайт болчу азырчы эмне кылды бул ХХХХХХХХ
-2
Gena1
2018-07-09 11:25:29
Апрель окуясында окко учкандардын омуру учун АША менен эжесин куноолойм жеке мен.
+6
Jelezo
2018-07-09 12:01:31
7 апрелде атайын провакация кылып элди көтөрүү үчүн атышкан ошондон эл көтөрүлүп кетти бардык революцияда ушундай ыкма колдонулат.
+3
i1urp
2018-07-09 12:01:58
Бакиевтер Ак уйдун башына снайперлерди чыгарып алып элди кырганын эл жакшы эле билет. Аны наадандык кылып кереги жок. Жээнбековдон ушундай саясат куткон эмеспиз. Абдан абийрсиз адам экен. Бабановго шайласак болмок экен.
-10
altyn7776
2018-07-09 12:59:07
i1urp,кана ошол снайперлепди кармаганы... Кармабай эле Акмат менен Санжар Бакиевдерди да кошо салып, жонотуп жиберишти го АШАнын акмак бийлиги
0
pat12
2018-07-09 12:07:15
Бакиев убагында Куловду кандай алдап кетти эле. Тандем менен жашайбыз деп туруп. Соке дагы так ошондой кылып Атамбаевди алдап кетти. АША болбосо Сокенин эч таасири жок адам болчу.
-6
bekmirzach
2018-07-09 12:16:45
Сооронбай Жээнбеков жана Атамбаевдин мамилесин Бакиев менен Куловго окшоштурууга болбойт. Биринчиден Жээнбеков менен атамбаев эчкачан тандем түзгөн эмес экинчиден Жээнбеков Элдин колдоосуна ээ болуп шайланган мыйзамдуу президент ал эми Атамбаев популист десек болот.
+2
Azatbek.Svoboda.
2018-07-09 16:33:25
bekmirzach,Сен айткан жомокко садиктеги балдарда ишенишпейт!Коркутуу уркутуу акча менен шайланды.
0
bekmirzach
2018-07-09 12:13:19
“Айкөл Ала-Тоо” уюму Алмазбек Атамбаев менен Фарид Ниязовдун саясий куралына айланып калган. Бул кайрылууну деле Ф.Ниязов даярдап бергенинен шегим жок. Эгер Конгантиевдин күнөөсү болсо эмне үчүн 8 жылдан бери аны Атамбаев жоопко тарткан жок? Бул үчүн Атамбаевдин өзүн жазаласа болот. Эгер алардын логикасына таянсак. Бирок, экс-президент буга чейин бир канча жолу “М.Конгантиев өз жазасын алган, аны жазалоонун кереги жок” деп айтып келген. Азыр болсо бул маселени саясий максаты үчүн көтөрүп жатат.
+5
altyn7776
2018-07-09 13:00:54
bekmirzach, туура айтасын. Бул жон гана атамбаевчилерлин кошого ичиндеги жандалбас аракети
0
bond02
2018-07-09 13:36:21
Апрельди бетинерге кармабагылачы антип баатыр корунуп, Конгантиевдин да Бакиевдин да куноосу жок. Ким атканын эл билип эле турат аларды, ушу силердин артынарда бироо бар го дейм башка нерсеге кызыкдар.
+2
Mamiev
2018-07-09 14:43:18
Ала тоо анан апрель окуясына катышкандар калп эле былжырай бербегилечи.Жакшы президентти кетирип Атамбайыптын убагында жыргадынарбы.Бийлик колдонуп туруп баатыр десе эле анырандап кетесинер да.Башы иштеген тушунуктуу президент келсе ошол апрел окуясын жоюп коймок баатырларды наамынан ажыратып.Анын ордуна Ош коогаланын эске алып курман болгондорго баатыр наамын бермек.Алар жерин коргоп каза болду силерге окшоп бийлик кубалаган жок
+3
Bars88
2018-07-09 14:59:02
Mamiev,Мискенбаевге окшогондор жыргап эле атышат.Ар жерге мурдун тыгып кызарган нерсе корсо жула калышып
0
Azatbek.Svoboda.
2018-07-09 16:41:48
Кайдагы баатырлар бирок байкуштар бирөөлөрдун созуно кирип акчасына алданып бийликти басабыз деп ажал табышты!Аны уюштургандар баатыр болуп чыга келишти!Бир баатырына оздору каршы чыгышты мискенбаев беле?! Өлгөн адамдарды жамынып баатыр болбогула?Макул баатырлар ал баатырлар арабыздан ошол кезде кетишти силер кимсиңер?!Ким айтты эле эки революциянын тең лидери менимн мен мультимиллиёнер болгом деп!Садике барып сурасаңар баардык балдарда айтып беришет! Өзу силерге окшогондорду камаш керек!
-1
anarbek80
2018-07-09 22:59:42
М.Конгантиев Таластын элин 2 саатта басам деген учун элден катуу соккусуна кабылып эл жазасын берген мындан откон жаза жок деп ойлойм. Ал эми апрель окуясында окко учкандар чындык баатырлар Кыргызстан келечеги учун ушул кадамга барышкан ал эми ушул окуяны жамынып бийлике келип алып элдин ырыскысын жегендерди азыркы президент Ж.С.Ш. жан дили таза экендигин ишендирем десе ушул жегендерди кустуртуп мамлекеттин карызын кутултуп калын элден кечирим суратыш керек ошондо чындап элдик президент болот.
-2
Nuura
2018-07-10 14:13:19
Кангантиев кайра озу ошол куну жабыркаган больницага жатып,копко чейин айыкпай журду деп да айтып журуштуго.Бул Бакиевдер учун жаза отошу керекпи эмне.Жамгырчиев озу ушундай абалга кабылганда корот элек кандай болоорун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан