Коррупцияга каршы күрөшүүдөн түшкөн каражаттарды топтоо үчүн ачылган эсепке азырынча акча түшө элек. Бул тууралуу бүгүн, 9-июлда SUPER.KG порталына Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
"Укук коргоо органдарына эсеп ачылганы боюнча, түшкөн каражатты которуу тууралуу кат жолдодук. Эсеп 3-июлда эле ачылды. Бул иштин процедурасы убакытты талап кылат. Каражат түшкөн сайын маалымдап турабыз", - деп басма сөз кызматы билдирди.
Эске салсак, укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнүн натыйжасында мамлекетке кайтарылуучу акча каражаттарын чегерүү үчүн депозиттик эсеп ачылган.