Дүйшөн Байдөбөтовдун уулу: "Атам төшөктө жатпай басып жүрүп, менин колумда көз жумду"

Кыргыз киносунун чолпон жылдызы Дүйшөн Байдөбөтов 7-июль күнү оорудан улам көз жумду.
9-июлда актёр Дүйшөн Байдөбөтовдун сөөгү өзү туулуп өскөн Ысык-Ата районунун Үч-Эмчек айылында жерге берилди. Залкар актёрдун артында 1 уул 1 кызы калды. Уулу Данияр Байдөбөтов атасы он күн мурун ооруканадан чыкканын айтат.

"Улуу агам каза болгондон кийин атам инсульт алып, бул оору менен үч жыл алышты. Негизи буга чейин кант диабети менен ооруп келген. Атамды он күн мурун ооруканадан чыгардык. Дарыгерлер жүрөгү, бөйрөгү ооруп жатканын айтышты. 6-июлда керектүү дары-дармегин алып, кечинде жубайым менен атамдардын үйүнө бардым. Себеби атам карындашым менен жашачу. Ал күнү чогуу отуруп тамактанып, эртеси күнү көзү өтүп кеткен тууганыбыздыкына бармакпыз. Эртең менен тамагын берип, дарысын ичирип, кийинтип алып сыртка чыктык. Бир тепкич ылдый болгондон кийин эле буттары калчылдап, баса албай калды да, "балам, артка кайталы, барбай эле коёлучу деген боюнча кете берди". Атам жүрөгүнөн улам каза болду окшойт. Себеби бети-башы кызарып кетти".

"Атам ооруп жүргөн учурда да иштеп жүрдү. Тынган жок. Дайыма эрте туруп жумушуна жөнөп калчу. Бирок акыркы жылдары эл менен көп аралаша албай калды. Буттары ооруп, башы айланып, ал тургай унаасын айдай албай калган. Эң негизсиги атам төшөктө жатпай басып жүрүп, анан дагы менин колумда көз жумду. Атам мен үчүн жалгыз, мен андан артык атаны өзүмө каалабайм. Ал бир мүнөз адам болчу. Кандай гана адам болбосун бирдей мамиле кылчу. Дүнүйө деп жашаган жок. Болгону маңдай тери менен гана эмгек кылчу. Ал бизди да ошондой адал эмгекке үйрөттү".

Чыгаан актёрдун курдашы Кимшанбай Маматов Жалал-Абад облусунан залкардын зыйнатына катышуу үчүн келген. Ал санаалашы тууралуу буларды эскерди.

"Менин Дүйшекем менен санаалаш болгонума 45 жыл болуптур. Ал 1972-жылы Москва шаарындагы театралдык окууну бүтүп, Ош шаарындагы Барпы атындагы драм театрына иштегени келген. Аны менен кошо Назира Мамбетова, Марат Алышпаев сыяктуу мыкты актёр-актрисалар чогуу келишкен. Мына азыр алардын алды Эл артисти болушту. Булар театрга өмүрүн берип, ролго кирип, бир башкача ойношчу. Спектаклге киргенде чыккыбыз келбей отурар элек. Мен ошондой күндөрдүн биринде Дүйшекем менен таанышып, курдаш болуп калганбыз. Ал менен сырдашып, кобурашып отурган мен үчүн чоң кубаныч болчу. Себеби ал ырдап, күлдүрүп жашооого өмүр берчү. Акыркы жолу биз Орозо айтта сүйлөштүк. Ага чейин да келип-кетип турдум. Бирок ал ден соолугу начарлай бергендиктен мен жакка бара албай калды. Эмне дейин, дагы да жашаса болмок. Тагдыр экен, минтип жабышкан оору акыры алып тынды. Курдашым, санаалашым, жаткан жериң жайлуу болсун".

Кыргыз Эл артисти Назира Мамбетова Кыргыз эли улуу талантынан айрылганын айтып көңүл айтты.

"Дүйшөн менин сахнадагы жана кинодогу түгөйүм эле. Мен бүгүн түгөйүмдөн айрылдым. Кыргыз элинде чоң жоготуу болду. Ден соолугу жакшы болгондо ал далай мыкты ролдорду жаратмак. Аттиң, асылган оору алды. Кыргыз элине көңүл айтам. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.

69 жашында каза болгон актёр Дүйшөн Байдөбөтовдун сөөгү жерге берилди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Nargiza1987k
2018-07-09 18:44:54
Жактан жери жайлуу болсун Аллахым куноолорун кечирсин оомин
+8
Missing-u
2018-07-09 20:55:49
Жаткан жери жайлуу болсун бирок неге уулу эмес кызынын колунда жургон...
+2
Nanei
2018-07-09 22:06:55
Missing-u,ой тобоо,ишинер канча Эми ,кайда жашаса да отуп кетти ,жаткан жери жайлуу болсун андан коро.
+10
surgeon777
2018-07-09 21:11:54
Кыргыздын дагы бир жаркыраган жылдызы очту,дагы бир залкар инсан,улуу талант кете берди,бирок журогубуздон очпойсуз,сиздин элесиниз экран бетинде кылымдарга калды...
Жаткан жериниз жайлуу,топурагыныз торко болсун,жайыныз жаннаттан болсун!
+10
Modric10
2018-07-10 07:54:01
наамдарды берди бекен тируусундо.же эми береби.мындай талант чыкпаса керек эми
+2
Мелисбек
2018-07-10 15:46:54
Modric10, Бизде кобунчо козу отуп кеткенден кийин жакшы, таланттуу инсан эле деп туштон кийин уйкудан ойгонушат наам беребиз дешип. Жаткан жери жайлуу болсун, аллахым бейиштен орун берсин.
+1
Modric10
2018-07-10 17:50:07
Мелисбек,ооба да мындай учурлар коп эле болуп атат.кыргыз эл баатыры наамын берсе болмок.кайдагы бир чунактар деле наамды кор кылышып журот го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан